Kaktus.media жана Kaktus.kg сайттарынын кеңсесинен жардыруучу зат табылган жок
RU

Kaktus.media жана Kaktus.kg сайттарынын кеңсесинен жардыруучу зат табылган жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 20-январда саат 17:00дө милиция кызматкерлери редакциянын кеңсеси жайгашкан имаратка келишип, кызматкерлерди эвакуациялашты.

Алар имратта бомба бар деген билдирүү түшкөнүн айтышып, текшерүү жүргүзөрүн билдиришти.

Kaktus.media редакциясы жайгашкан бизнес борбордун имараты курчоого алынды. Саат 18:30 чамасында сапер келип, текшерүү жасады. Жыйынтыгында эч нерсе табылган жок, курчоо алынды.

Ал арада "Вечерний Бишкек" басма үйүнүн кызматкерлери да эвакуацияланганын ММКлар жазышты.

"Бүгүн милициянын электрондук почтасына "Вечерний Бишкектин"аймагына бомба коюлганы тууралуу билдирүү келип түшкөн", - деп жазылат басылманын сайтында.

Буга чейин 24.kg сайтына да ушундай билдирүү менен милиция кызматкерлери барганы белгилүү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10009