Былтыр апрель айында үйүнөн чыгып кеткен Рашид уулу Руслан дайынсыз болуп изделет
RU

Былтыр апрель айында үйүнөн чыгып кеткен Рашид уулу Руслан дайынсыз болуп изделет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде 27 жаштагы Рашид уулу Руслан дайынсыз болуп изделет. Ал былтыр апрель айынан бери дайынсыз болуп жатканын облустук милициядан кабарлашты.

Маалымдалгандай, Бужум айылынын 47 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда 2022-жылдын 29-апрель күнү 1995-жылы туулган Руслан аттуу баласы үйдөн чыккан бойдон кайра кайтып келбегенин, аны издөөгө жардам берүүнү суранган.

Белгилери: арык чырай, көздөрү кара, чачы күрөң, бою 165-170 сантиметр, психикалык жактан жабыркабайт.

Эгерде Рашид уулу Русланды көрүп, билгендер болсо, кабарлап коюуну милиция кызматкерлери суранат. Байланыш номерлери:(03622) 102, 5-17-56, 0774-77-86-88, 0552-00-22-74.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10113