Бишкекте "Тез жардам" кызматкерлерине кол салуу болду
RU

Бишкекте "Тез жардам" кызматкерлерине кол салуу болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте "Тез жардам" бригадасына 27-январда кол салуу болгон. Бул тууралуу Kaktus.media маалымат агенттигине Тез жардам борборунун директору Искендер Шаяхметов билдирди.

Айтымында, 27-январда саат 21:00дө Чүй кең көчөсүндөгү "Инлаваш" кафесине чакыруу болгон. Анда эркек киши эс-учун жоготкону кабарланган. Тез жардам тобу барганда бейтаптын жөндөмдүүлүгү төмөндөп, суроолорго жооп бере алган эмес, спирттин жыты жок болгон.

"Дарыгер аны эсине келтирейин деп эңкейгенде бейтаптын командасындагы жигиттердин бири текшерүүгө тоскоол болуп, доктурду кемсинтип, жаман сөздөрдү айта баштаган. Бул учурда кафенин кызматкери кийлигишкен. Бейтаптын шериги аны фельдшердин чемоданына көтөрүп чапкан. Натыйжада жаңжал чыгып, дагы бир жигит бычакты алып, дарыгерди көздөй шилтеген. Эс алып отургандар арачага түшүп, кол салгандар кетип калышкан. Бейтап ингаляциядан кийин кийин өзүнө келген", - деди Шаяхметов.

Анын айтымында, тез жардамчылар Ленин РИИБине арыз жазып, каттоого алынган.

"Кызматтык иликтөө жүргүздүк: чемодан жараксыз болуп калган. Дары-дармектер жана тонометр бузулган. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 12,5 миңден ашык. Бул боюнча акт түзүлдү. Кийинчерээк РИИБге жеткирилет", - деп айтылат маалыматта.

"Баңгизаттын таасири астында коомдук жайда дарыгерлерге бычак менен кол сала башташты. Бул элдин деградациясы, башка эч жерде жок. Укук коргоо кызматкерлери кол салгандарды камерадагы видео аркылуу табат деп ишенем", - деп баса белгиледи Шаяхметов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10119