"Асман Эйрлайнс" 1-августтан баштап ички каттамдардын бааларын көтөрөт
15
Ушул жылдын 1-августунан тартып "Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясы айрым ички каттамдардын тарифин өзгөртөт. "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынан кабарлашкандай, өзгөртүүлөр Кыргызстанда күйүүчү майдын наркынын иш жүзүндө 32%га жогорулашына байланыштуу киргизилди.
Каттамдардын үзгүлтүксүз аткарылышын камсыз кылуу, аба кемелерин коопсуз пайдалануу жана көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын сактоо максатында авиакомпания колдонулуп жаткан айрым тарифтерди кайра карап чыгууга аргасыз болду.
Эми 1-августтан тартып бир тарапка авиабилеттердин баасы төмөнкүдөй болот:
- Бишкек – Ош – Бишкек - 4 100 сомдон 6 500 сомго чейин (бир тарапка);
- Бишкек – Манас – Бишкек - 4 100 сомдон 5 000 сомго чейин (бир тарапка).
Авиабилеттин акыркы баасы сатып алуу күнүнө, каттамдын жүктөлүшүнө жана тиешелүү тарифтик класс боюнча бош орундардын жеткиликтүүлүгүнө жараша аныкталат дешти компаниядан.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18399
