"Мадина" базары 1-августта жабылбай турган болду
RU

"Мадина" базары 1-августта жабылбай турган болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Мадина" базары 1-августта жабылбай турганын айтты. Мэрдин буга чейинки билдирүүсү кайра чакыртылып алынат дешти калаа башкармалыгынан.

Белгилүү болгондой, ишкерлерге жаңы жерге жайгашып алуу үчүн этап-этабы менен көчүүгө кошумча убакыт жана үч айлык жеңилдетилген мезгил берилет. Муну менен катар жаңы базардын ээлери биринчи кезекте соода кылуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүгө милдеттендирилип, бааны түшүрүү тапшырылды. Маалыматка ылайык, жаңы базардагы орундардын 1 чарчы метри 3 миң доллардан башталып, айрым учурларда 240 миң долларына чейин жеткен.

"Мадина" базары да, жаңы базар да жеке менчик болуп саналат. Ошол эле учурда мэрия менчик ээлеринин чарбалык ишине кийлигишпейт, бирок ишкерлердин мыйзамдуу укуктарын коргоо боюнча зарыл чараларды көрөт.

Ошондой эле, буга чейин түзүлгөн комиссия күтүлгөн натыйжаны бербегендиктен, анын ишин аяктоо чечими кабыл алынганы маалым болду. Мэрдин айтымында, комиссиянын курамына кирген ишкерлердин өкүлдөрү бирдиктүү позицияны иштеп чыгып, аны калган соодагерлерге да, шаар тургундарына да жеткире алышкан эмес.

Мындан сырткары, "Мадина" базарынын ээлери аймакты шаардын башкы планына ылайык мындан ары өнүктүрүү жана көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоорду сунушташы керек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18390