Шайлоого катышкан кызматкерлердин 1 күндүк эмгек акысы сакталат
30
Президент Садыр Жапаров "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду.
Мыйзамдын максаты - жумуш күнүнө (шаршембиге) туш келген шайлоо күнүндө жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруусун камсыз кылуучу укуктук механизмди белгилөө болуп эсептелет.
Тема боюнча:
Мыйзам менен Эмгек кодексине жана "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга төмөнкүлөрдү караган өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат:
- Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнү дем алыш күнү болуп саналат;
- кызматкер добуш берүүгө катышкандыгы тастыкталган шартта ошол күн үчүн 1 күндүк орточо эмгек акысы сакталат;
- жарандардын добуш берүүгө катышкандыгы тастыкталган учурда Министрлер кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте кошумча жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды берүү каралышы мүмкүн;
- жарандардын президенттик жана парламентти шайлоодо добуш берүү күнү камсыздандыруу стажына кошулат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18389
