Баткенде аткезчиликке шектүүлөрдүн үйүнөн баасы миллион далларды чапчыган товар табылды
RU

Баткенде аткезчиликке шектүүлөрдүн үйүнөн баасы миллион далларды чапчыган товар табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын кызматкерлери Баткенде коңшу өлкөгө товарларды мыйзамсыз алып кирүү жана алып чыгуу менен алектенген адамдардын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүштү. Анын алкагында акча жана баасы миллион долларды чапчыган товарлар алынды.

Коопсуздук комитеттен кабарлашкандай, 3-февралда Кадамжай районунун аймагында 20 даректе тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Анда Э.Ш.Н., А.Н.А., С.С.А. жана А.Т.К`га тиешелүү даректерде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда 4377 телевизор, 3162 уюлдук телефон, 308 куту акцизсиз тамеки, 265 дөңгөлөк, 2,5 тонна түстүү металл (жез), 11 220 доллар жана 504 000 сом накталай акча, ошондой эле баасы 1 млн. долларга жакын башка керектөө товарлары алынган.

Учурда товардын баасын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын белгилешти мекемеден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10214