Бишкекте "С легким паром" мончосунан чыккан өрт өчүрүлдү
RU

Бишкекте "С легким паром" мончосунан чыккан өрт өчүрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги "С легким паром" мончосунан чыккан өрт өчүрүлдү. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок.

Маалым болгондой, 11-февралда Ибраимов көчөсүндөгү "С легким паром" мончосу жайгашкан 6 кабаттуу турак үйдүн чатырынан өрт чыкканы кабарланган. Жерине 4 бөлүм, 2 автошаты, 1 суу ташуучу унаа жана штаб, ыкчам топ тартылган.

Турак үйдөгү тургундар эвакуацияланып, милиция кызматкерлери, "Тез жардам" кызматынан бригада тартылган.

Өрт саат 07:35 чектөөгө алынып, саат 11:45те өчүрүлдү.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10297