Батукаев иши боюнча Атамбаевге чыккан өкүмдү Жогорку Сот жокко чыгарды
RU

Батукаев иши боюнча Атамбаевге чыккан өкүмдү Жогорку Сот жокко чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Азиз Батукаевдин иши боюнча Алмазбек Атамбаевге карата чыккан өкүм Жогорку Соттун чечими менен жокко чыгарылды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына анын жактоочулары билдирди.

Айтылгандай, кечээ, 13-февралда Жогорку соттун судьясы Кеңешбек Токтомамбетовдун төрагалыгы алдында өткөн соттук коллегия Азиз Батукаевдин иши боюнча Атамбаевдин өкүмүн жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу жокко чыгарды, башкача айтканда, сот Атамбаевдин жактоочуларынын өтүнүчүн канааттандырды.

Маалым болгондой, иш жаңыдан кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлөт.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы "айыккыс илдетке чалдыкты" деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтене баштаган. Атамбаев бул ишке байланыштуу ошол жылдын августунда Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармалган. Иш сотко ошол жылдын октябрында өткөн.

2020-жылы 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов Атамбаевди "Батукаевдин иши" боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кескен. Ошол эле жылы 17-августта Бишкек шаардык соту ишти карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10328