Бишкекте өз жанын кыюуга аракет жасаган жигит куткарылды
RU

Бишкекте өз жанын кыюуга аракет жасаган жигит куткарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 25 жаштагы жигит бычак менен өз жанын кыюуга аракет кылды. Ал аман-эсен куткарылды дешет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.

Ведомстводон билдиришкендей, Т.Айтматов жана Абдумомунов көчөлөрүнүн кесилишиндеги каналда 1998-жылы туулган Т.А. аттуу жаран бычак кармап, өз жанын кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу куткаруучуларга билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге куткаруучулар, милиция кызматкерлери, "Тез жардам" кызматы жана жигиттин жакындары барышкан. Куткарылган жигит Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10359