Айым депутаттар кесиптештерине эмне белек кылышты? Сүрөттөр
RU

Айым депутаттар кесиптештерине эмне белек кылышты? Сүрөттөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутат айымдары кесиптештерин келе жаткан Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттукташты.

Парламенттин 22-февралдагы жыйынында вице-спикер Жамиля Исаева кесиптештерине жеке өзүнүн жана депутат айымдардын атынан кайрылуу жасады.

"23-февраль-Ата Мекенди коргоочулардын жана мамлекеттин күзөтүндө тургандардын майрамы. Мекендештерибиздин ар биринин үйүнө бакыт-таалай каалайм. Аскерлерибизге ден соолук, офицерлердин иши ийгиликтүү болсун. Кыргызстандын асманы ачык, өлкөбүздө тынчтык болсун", - деди ал.

Андан соң депутат айымдар мырзаларга түрдүү китептерди белекке беришти.

Эске салсак, 23-февраль Кыргызстанда эс алуу күнү. Бирок 25-февраль иш күнү болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10445