Каныбек Иманалиев министр болсо айлык албаган жардамчысы болорун айтты
RU

Каныбек Иманалиев министр болсо айлык албаган жардамчысы болорун айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү жана илим минитринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев министр болсо айлык албай иштеген жардамчы аларын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-февралда парламенттин Социалдык саясат комитетинде билдирди.

Айтымында, жардамчы өлкөнүн тышкы карызын кечирүү же мөөнөтүн жылдыруу боюнча иш алып барат. Жыйынтыгында кечирилген каражат билим берүү системасына жумшалат. Иманалиев президент бул демилгени колдогонун айтты.

"Менин жардамчым болот. БУУнун "Миң жылдык чакырык программасы" бар. Ал жерде төртүнчү абзацта мындай деп көрсөтүлгөн: мамлекеттик карызды билимге алмаштыруу. Жардамчым айлык албайт. Дипломаттардан бирөө табабыз. Ал Кыргызстандын карыздарын төлөө мөөнөтүн жылдыруу же аларды кечүү менен алектенет. Мунун натыйжасы үч жылдан кийин болушу мүмкүн. Бирок силер карызга бере турган акчаны мага бересиңер, мен башка акча сурабайм. Бул дүйнөлүк практика. Бул үчүн мыкты дипломаттар, терең билим керек", - дейт Каныбек Иманалиев.",-деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10535