Жүрөк хирургия институтунун директору прокуратуранын текшерүүсүнөн кийин кармалды
RU

Жүрөк хирургия институтунун директору прокуратуранын текшерүүсүнөн кийин кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтунун директору Таалайбек Кудайбердиев кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын айтымында, өткөн аптада прокуратура кызматкерлери оорукананы текшергенден кийин Кудайбердиев кармалган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан сайтыбызга билдиргендей, Кудайбердиев 2021-жылдын 4-июнунан бери илим изилдөө институтунун директору болуп иштеп келген.

2023-жылдын 16-февралында Кудайбердиев директорлук кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. 17-февралда Саламаттыкты сактоо министрлиги аны ээлеген кызматынан бошотуу сунушун Министрлер кабинетине киргизген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10557