Бишкекте жашоочулардын саны 1 миллион 120 миңге чамалады
RU

Бишкекте жашоочулардын саны 1 миллион 120 миңге чамалады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эл каттоо Бишкекте 1 миллион 100 миңден ашык адам жашай турганын көрсөттү. Бул Улуттук статистика комитетинин 2022-жыл боюнча эл каттоосунун маалыматында айтылат.

2009-жылы Бишкек шаарынын калкынын саны 835 миң болгон.

Белгилей кетсек, 2022-жылы Кыргызстанда Республикалык эл каттоо жүргүзүлүп, өлкө элинин саны 7 миллионго жеткен.

7 миллионунчу жаран октябрь айында Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында төрөлгөн. Ага президент Садыр Жапаров Жакшылык деген ысым ыйгарган.

Эл каттоо 10 жылда бир жолу болот. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин биринчи эл каттоо 1999, экинчиси 2009-жылы уюштурулган. 2019-жылга пландалган каттоо коронавирус пандемиясына байланыштуу болбой калып, 2022-жылы өткөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10565