Bloomberg Илон Маскты кайра дүйнөнүн эң бай адамы деп тапты
RU

Bloomberg Илон Маскты кайра дүйнөнүн эң бай адамы деп тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Bloomberg агенттигинин версиясы менен Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск кайрадан дүйнөнүн эң бай адамдарынын сап башына чыкты.

Анын байлыгы азыркы учурда 187 млрд. долларга жеткен.

Ал эми экинчи орунда 185 млрд. доллар байлыгы менен Louis Vuitton Moët Hennessy корпорациясынын ээси франциялык Бернар Арно турат.

Белгилей кетсек, былтыр 2022-жылдын аягында Илон Маск "дүйнөнүн эң бай адамы" статусун дал ушул Бернар Арного тарттырып жиберген.

Бирок Forbes журналынын рейтингинде Илон Маск байлыгы боюнча Бернар Арного жетпейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10572