Сулайман-Тоодон таш кулап, турак үйдүн дубалын бузду. Видео
RU

Сулайман-Тоодон таш кулап, турак үйдүн дубалын бузду. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто Сулайман-Тоодон таш кулап, 1 турак үй зыянга учурады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, таштын кулоосуна жаан-чачын себеп болгон.

Туруксуз аба ырайынан жана жаан-чачындын кесепетинен Сулайман-Тоодон таш кулап, Ош шаарындагы Кол өнөрчүлөр көчөсүндө жайгашкан турак жайдын дубалын бузган. Үй ээси 24-февралда куткаруучуларга кайрылган.

Кайрылуунун негизинде жерине 8 куткаруучу тартылып, кулап түшкөн ташты майдалап, сыртка чыгарып беришти. Жабыркагандар болгон эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10620