Дмитрий Биволдун жубайы эмне себептен ажырашкандарын ачыктады
RU

Дмитрий Биволдун жубайы эмне себептен ажырашкандарын ачыктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда төрөлгөн бокс боюнча дүйнөнүн чемпиону Дмитрий Биволдун жубайы ажырашууларынан себебин социалдык тармактарда ачыктады. Екатерина күйөөсү кетип калганын, аны кармабай кое бергенин айткан.

"Мунун баары кантип болгонун өзүм деле түшүнбөй калдым. Мамилени токтотуу үчүн эч кандай олуттуу себеп болгон эмес. Менимче, бир жылдан кийин эмне болгону эсимде деле калбайт, анткени себеп анчалык деле маанилүү эмес болчу. Кандайдыр бир болбогон нерсе, балким, бир нерсе бардыр... Мен жакшы көргөн адамым менен абдан оор, ошол эле учурда абдан ийгиликтүү 16 жыл жашадым. Мен эч нерсеге өкүнбөйм. Тагдырга ыраазымын, " - дейт ал.

Екатерина Бивол Дмитрийге бакыт каалап, балдарын эч качан бокска жибербей турганын кошумчалаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10660