"1 литр майга алмашам". Кыргызстандыктар эски буюмдарын азык-түлүккө алмашытырып жатышат
RU

"1 литр майга алмашам". Кыргызстандыктар эски буюмдарын азык-түлүккө алмашытырып жатышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бир нече айдан бери жарандар азык-түлүктүн кымбатташына арызданып жатышат. Көпчүлүгү эт, шекерден баш тартып, жалаң макарон менен тамактанып калышты. Анткени эң жөнөкөй азыктарды сатып ала алышпайт.

Жогорку Кеңештин депутаттары да азык-түлүктүн кымбаттап жаткандыгы боюнча маселе көтөрүп чыгышкан. Премьер-министр Улукбек Марипов түз-эфир учурунда көйгөйдү жакшы биле тургандыгын айтып, өкмөт бааларды бир калыпта сактап калуу аракетин көрүп жаткандыгын билдирген.

Бирок, айрым жарандар балдарынын курсагын тойгузуунун амалын издеп, өздөрүнүн эски буюмдарын бир литр майга же 5 кг картошкага алмаштырып жаткандыгын биздин чинвниктер билет болду бекен?

lalafo сервисинде кийимдерди, оюнчуктарды жана башка буюмдарды азык-түлүккө алмаштырам деген жарыялар улам көбөйүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1066