Бийчи Атай Өмүрзаков ТИМге нааразычылыгын айтты
RU

Бийчи Атай Өмүрзаков ТИМге нааразычылыгын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Белгилүү бийчи Атай Өмүрзаков Тышкы иштер министрлигине нааразычылыгын айтып чыкты. Ал Facebook баракчасына жазган билдирүүдө министрликке биринчи жолу кайрылып, өкүнүп калганын белгиледи.

"Тышкы иштер министрлигине алгачкы жолу кайрылдым, өкүнүп калдым. Алтындай убактымды жоготконум аз келгенсип, кагуу жедим. Көрсө биз дайыма ушундай маселелер менен кайрыла берет экенбиз. АКШга виза алууга кимга ким жардам бере алат? Чоң масштабдагы сынакка катышуу үзгүлтүккө учуроо коркунучунда турат", - деген ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10744