Жашы жете элек жарандын кыймылсыз мүлккө болгон укуктары калыбына келтирилди
RU

Жашы жете элек жарандын кыймылсыз мүлккө болгон укуктары калыбына келтирилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас облусунун прокуратура органдары тарабынан жашы жете элек жарандын кыймылсыз мүлккө болгон укуктары калыбына келтирилди. Мындай маалыматык Генералдык прокуратуранын басма сөз кызматы таратты.

Талас облусунун Кара-Буура райондук прокуратурасы 2020-жылдын сентябрь айында 2010-жылы туулган М.А. аттуу жаш өспүрүмдүн (жарым жетим) кызыкчылыгын коргоп, райондук сотко доо арыз менен кайрылган. Жаш өспүрүмдүн атасы каза болгон соң, атасынын эжеси А.Д. аттуу жаран инисине таандык турак-жайды өзүнө мыйзамсыз түрдө каттатып алып, үчүнчү тарапка сатып жибергени аныкталган.

2021-жылдын 4-январындагы соттун чечими менен прокуратуранын доо арызы канааттандырылып, жаш өспүрүм атасынан калган турак жайды менчиктештирүүгө укук алган. Андан кийин, 2021-жылдын 11-мартында райондук прокуратура А.Д. менен К.Т. аттуу жарандардын ортосунда түзүлгөн турак жайды сатуу жөнүндөгү келишимди жокко чыгартуу максатында Кара-Буура райондук сотуна доо арыз келтирди.

Ошондой эле, 2021-жылдын 12-мартында Кара-Буура районунун Көк-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан жасалма каттоо тактамасы берилгендиги боюнча жана Кара-Буура райондук мамлекеттик нотариусу тарабынан мураскорду аныктоонун тартиби жана негизи белгилеген мыйзам талаптарына ылайык келбегендиги боюнча 2 материал райондук

прокуратуранын КЖБРне каттоого алынып, айыптоо актысы бекитилип, райондук сотко жиберилди.

Учурда жарандык жана жазык иштер соттун кароосунда турат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1080