Ош облусунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды
RU

Ош облусунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Оштун Амир-Тимур кичи районунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды. УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы тарабынан курал-жарактардын ээсин аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.

Маалым болгондой, диний жана террористтик уюмдардын ишмердигине каршы жүргүзүлүп жаткан чаралардын натыйжасында 10-мартта курал-жарак жана ок-дарылардын жашыруун жайы табылды.

Желим баштыктан Револьвер үлгүсүндөгү тапанча, италиялык өндүрүштөгү тапанча, чет элдик өндүрүштөгү тапанча, граната Ф1, детонатор капсуласы, АК-74-1 маркасындагы магазин, 9мм, 7,62мм жана 5,45мм калибрлүү ок-дарылар - 61 даана, мээлейлер, маскалар табылды.

Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда курал-жарактардын жана ок-дарылардын ээлерин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10828