Баткендин Чек айылында таштандыны кайра иштетүүчү ишкана ачылды
RU

Баткендин Чек айылында таштандыны кайра иштетүүчү ишкана ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун Баткен районундагы Чек айылында таштандыны кайра иштетүүчү ишкана ачылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Ишкана жеке ишкер Кайрат Абдипаттаевдин демилгеси менен курулган.

Чакан завод таштандыларды, желим бөтөлкөлөрдү кайра иштеп чыгарууга ыңгайлашкан.

Ишканада 30 жумушчу иштейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10900