Президент Оштогу өкүлү Зиядин Жамалдиновду кызматтан алды
RU

Президент Оштогу өкүлү Зиядин Жамалдиновду кызматтан алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов кызматтан алынды. Маалыматты Kaktus.media сайтына өздүк булактар билдиришти.

Алардын айтымында, Жамалдиновду кызматтан алуу боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Кийинчерек президенттин администрациясынан маалыматты тастыкташып, Жамалдиновдун ордуна Элчибек Джантаев дайындалганы маалымдашты. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы кол койду.

Элчибек Джантаев буга чейин Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп иштеген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10902