Эрулан Кокулов "Промзонага" кирерде кепкасын чечүүдөн баш тартып, милиция чакырды
RU

Эрулан Кокулов "Промзонага" кирерде кепкасын чечүүдөн баш тартып, милиция чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эрулан Кокулов Бишкектеги "Промзона" клубунун кире беришинде кепкасын жана күрмөсүн чечкиси келбей, администрация тарабынан укугу бузулуп жатат деп баалап, милиция чакырган.

Бул тууралуу Kaktus.media сайтына окуянын күбөлөрү билдирди.

Кокулов администрациянын өтүнүчү анын укугун бузуу деп түшүндүрүп, милицияга кайрылганын тастыктады.

Эл өкүлүнүн мындай жүрүм-туруму татыктуубу деген суроого Кокулов депутат катары эмес, жаран катары милицияга кайрылганын айтты. Милиция Кокуловго "Промзонага" кирүүгө жардам берүүгө аракет кылса, администрация өз кезегинде бул клубдун эрежесин бузуу деп түшүндүрүүгө аракет кылууда.

Эске салсак, жакында эле депутат Эрулан Кокулов менен "Кадастрдагы" "VIP Security" детективдик жана күзөт агенттигинин кызматкери Дубанбек Сүйүналиевдин ортосунда чыр чыккан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10986