Бир катар өлкө лидерлери Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттукташты
RU

Бир катар өлкө лидерлери Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттукташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бир катар өлкө жетекчилери Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине Нооруз майрамына байланыштуу куттуктоо каттарын жолдошту.

Алар: Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёев, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Сауд Арабия Падышалыгынын королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауд, АКШнын президенти Жо Байден, Ирандын президенти Сейед Эбрахим Раиси жана эл аралык уюмдардын жогорку жетекчилери.

Анда ар өлкө лидерлери Садыр Жапаровго ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми досчул Кыргызстан элине бакыт, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүүнү каалашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11029