Өзгөндө таңга маал жер көчкү түштү
RU

Өзгөндө таңга маал жер көчкү түштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөн районунда бүгүн, 22-мартта жер көчтү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, таңкы саат 05:00 чамасында Өзгөндүн Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1 млн м3 жер көчкү түшкөн.

Жер көчкү аталган тилкедеги 18 турак үйгө коркунуч жаратып, үйлөргө 300 метр аралык калган.

Жер көчкү 2017-жылдын жаз айларында активдешип баштаган. Буга чейин да 2022-жылдын 5-сентябрында ӨКМнын Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин корутундусу чыгарылып, кооптуу деп табылган 18 турак үйдүн жашоочуларын көчүрүү керек экендиги сунушталган.

Учурда айыл өкмөт тарабынан турак үйлөрдүн тургундарын коопсуз жайга көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазариповдун жетекчилигинде Ош облустук башкармалыгынын башчысы, Мониторинг департаментинин орун басары, райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы иш алып барууда. Ошондой эле Өзгөн районунун Жарандык коргонуу кызматтарына "айгай" жарыяланып, өзгөчө кырдаалды алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11054