Жалал-Абадда лицензиясы жок иштеген 78 стоматология аныкталды
RU

Жалал-Абадда лицензиясы жок иштеген 78 стоматология аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз иштеп жаткан стоматологиялык клиникалар убактылуу жабылды. Маалыматты УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун, Жалал-Абад шаарынын аймагында стоматологиялык клиникалардын (кабинеттердин) ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында 122 жеке менчик стоматологиялык клиниканын 78и тиешелүү лицензиясы жок иштеп жүргөндүгү аныкталды. Мындан улам санитардык коопсуздуктун көп сандаган бузуулары (санитария, гигиена, медициналык калдыктарды жок кылуу шарттары ж.б.) катталган. Юридикалык жактын юстиция жана салык органдарында катталбагандыгынын жана көрсөтүлгөн кызматтан түшкөн кирешенин реалдуу көрсөткүчтөрүн жашыруунун фактылары аныкталган.

Текшерүү учурунда протездөө, имплантация, тиштерди хирургиялык жулуп алуу жана башка ушул сыяктуу жогорку адистештирилген стоматологиялык кызматтарды көрсөтүү үчүн тиешелүү сертификаттары, атайын жогорку билими жок стоматологиялык кызматтарды көрсөтүшкөн.

Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун 2021-2022-жылдарга карата маалыматына ылайык, облуста калк арасында В жана С формасындагы вирустук гепатиттин жайылуу тенденциясы байкалган. Алсак, 2021-жылы облуста инфекциянын 1308 учуру аныкталса, 2022-жылы бул көрсөткүч 1979 учурга көбөйгөн. Ошол эле учурда стоматологиялык кызмат кан аркылуу жугуучу вирустук оорулардын таралышынын мүмкүн болуучу факторлорунун бири катары каралат.

Учурда клиникалардын ишмердүүлүгү токтотулуп, атайын комиссия түзүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11059