Бишкекте белгисиз адамдар баңгизат табылды деп унааны тинтүүгө алышкан
RU

Бишкекте белгисиз адамдар баңгизат табылды деп унааны тинтүүгө алышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте жарандык кийимчен 5-6 адам унааны тинтип, ичиндеги адамды кармоого аракет кылышкан. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланды.

Видеонун авторунун айтымында, окуя 21-мартта Бишкектин Жумушчулар шаарчасынын жанында болгон. Анда белгисиз адамдар эч кандай документ көрсөтүшпөй эле тергөө жүргүзүп башташкан.

Кийин алар өздөрүн баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлерибиз деп тааныштырышып, "анаша чыкты" дешкен.

Ошондой эле видеого тарткан жигиттин телефонун алып коюшкан. Бирок ал башка телефон аркылуу Кайгуул кызматына кабар берген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11060