Бишкекте сойкулук уюштурган деген шек менен саунанын администратору кармалды
RU

Бишкекте сойкулук уюштурган деген шек менен саунанын администратору кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте сойкулукту жана бузукулукту уюштурууга шектелип саунанын администратору кармалды. Маалыматты Бишкек ШИИББден билдиришти.

Башкармалыктын кылмыш иликтөө башкармалыгына Жунусалиева көчөсүнүн боюнда жайгашкан сауналардын биринде администратор болуп иштеген белгисиз аял көп убакыттан бери сойкулукту уюштуруп, кардарлардын акчасынан 30 пайызын алып жүргөнү маалымдалган.

Топтолгон материалдардын негизинде Ленин РИИБи тарабынан 160-берене менен кылмыш иши козголгон.

Бул кылмыш ишинин алкагында аялдын кылмыштуу аракеттеринин бетин ачуу максатында бир катар тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары 1975-жылы туулган Р.Э. кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда бул ишке катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери улантылып жатат. Ошондой эле шектүү администратор болуп иштеген саунанын ээсинин кылмышка тиешеси бар, жогун аныктоо иштери жүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11179