Ош-Бишкек жолунда жаранды сабап кетишкен. Шектүү мурда соттолгон
RU

Ош-Бишкек жолунда жаранды сабап кетишкен. Шектүү мурда соттолгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош-Бишкек жолундагы айлампада жаранды сабап кеткен жаран кармалды. Ал мурда бир нече жолу соттолгон дешет Жалал-Абад ОИИБден.

Маалыматка караганда, милициягы А.Л. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 21-февраль күнү саат 21:30 чамасында Сузак районунун аймагынан өткөн Ош-Бишкек автожолундагы айлампада (круговой) Эдик аттуу адам шериктери менен бети-башына уруп денесине жаракат келтиргендигин билдирген.

Бул факты 280-берене (Бейбаштык) менен каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын тургуну - 1988-жылы туулган С.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11180