Баткенде Айгүл гүл өскөн корукка жарандардын киришине 3 жылга тыюу салынды
RU

Баткенде Айгүл гүл өскөн корукка жарандардын киришине 3 жылга тыюу салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Туристтер үчүн "Айгүл-Тоо" ботаникалык коругуна үч жылга чейин кирүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Баткен токой чарбасынан маалымдашты.

Белгилүү болгондой, мындай чара Айгүл гүлүн сактап калуу жана көбөйтүү максатында көрүлүп жатат.

Буга ылайык, жарандарга 1-апрелден тартып 2026-жылдын ушул мезгилине чейин ботаникалык коруктун аймагына кирүүгө уруксат берилбейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11249