"Алькони" заводунда чыккан өрт чектөөгө алынды. Видео
RU

"Алькони" заводунда чыккан өрт чектөөгө алынды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте "Алькони" чыгарган заводдон өрт чыкты. Учурда өрт курчоого алынганын ӨКМдан кабарлашат.

Бүгүн, 31-мартта саат 03:10 чамасында өрт өчүрүүчүлөргө Исакеев көчөсүндөгү "Алькони" заводунан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 5 өрт өчүрүүчү күжүрмөн эсеби, 1 штаб, суу ташуучу унаа, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам кызматы тартылган. Учурда өрттүн аянты болжол менен 3500-4000 чарчы метрди түзүүдө.

Өрт саат 05:55 чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11260