Бишкекте суицид жасоого аракет кылган жигит куткарылды
RU

Бишкекте суицид жасоого аракет кылган жигит куткарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 26 жаштагы жигит өз жанын кыюуга аракет кылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, ал аман-эсен куткарылды.

Маалым болгондой, 5-апрелда саат 07:30 чамасында Бишкектин Түгөлбай Ата көчөсүндө жайгашкан үйдүн тургуну өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган. Жерине Куткаруу кызматынын өздүк курамы тартылып, сүйлөшүү жолу менен эшикти ачтырышкан.

Өзүнө кол салган жаран 1997-жылы туулган А.А. экени такталды. Ага медициналык жардам көрсөтүлүп, тийиштүү кызматка өткөрүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11366