Депутат майыптыгы барлар иштеп баштаса пенсиясы кыскарып жатканын айтты
RU

Депутат майыптыгы барлар иштеп баштаса пенсиясы кыскарып жатканын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо парламентте майыптыгы бар жарандар иштеп баштаса пенсиясы кыркылып жатканын айтты.

"Майыптыгы бар адам 6845 сомдон пенсия алат. Бирок ал үйдө жата бербейин деп иштесе "Түндүк" электрондук базасынан чыгып калат. Ошол себептен пенсиясы кыркылып 684 сомго түшүп калып жатат. Биз майыптардын ырыскысын жеп казынаны толтурабызбы?" - деди эл өкүлү.

Мирлан Самыйкожо президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, ушул маселени карап чыгуу керектигин белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11403