Баткен облусунун Өрүкзар айылынын тургундары өз каражатына 6 чакырым жолду асфальттайт
RU

Баткен облусунун Өрүкзар айылынын тургундары өз каражатына 6 чакырым жолду асфальттайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Өрүкзар айылынын негизги жолуна элдин күчү менен асфальт төшөлөт. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

7-апрелде, облус жетекчиси Абдикарим Алимбаев аталган айылдын эли менен жолукту. Облус башчысы, район акими, жол куруучу компаниянын өкүлдөрү жергиликтүү тургундар менен Өрүкзардын негизги жолунун курулушу боюнча маселелерди макулдашты.

Алимбаев жашоочулардын демилгесин кубаттап, эл менен жасалган жумуш ийгиликтүү болорун айткан.

Өрүкзар айылынын негизги жолун асфальттоого үчүн айыл эли 6 миллион сом каражат чогулткан.

Мындан сырткары, дагы айылдык эки ишкер 1 миллион сомдон салым кошот.

Ал эми Өрүкзар айылы жайгашкан Ак-Турпак айыл аймагы жергиликтүү бюджеттен 6 миллион сом берет.

Жергиликтүү калктын бул аракетин колдоо максатында мамлекет тарабынан 15 миллион сом каралганы дагы маалымдалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11439