Баткенде кыргыз-тажик өкүлдөрү жолугушуп, суу талаш көйгөйүн алдын алууну сүйлөштү
RU

Баткенде кыргыз-тажик өкүлдөрү жолугушуп, суу талаш көйгөйүн алдын алууну сүйлөштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чек арадагы кырдаалды туруктуу кармоо максатында Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев Тажикстандын Исфара районунун башчысы Баховаддин

Баходурзода жетектеген делегация менен жолугушту. Бул туурасында Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүү Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Кызыл-Дөң жерлигинде болуп, эки тараптын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, тиешелүү жетекчилер катышты.

Жолугушууда чек ара, укуктук тартип, жаз алды менен арыктарды тазалоо иштери, суу талаш көйгөйү жаралбашы үчүн алдын ала макулдашуулар зарылдыгы белгиленди. Ошондой эле макулдашылбаган аймактарда эки тараптуу курулуш иштерин, түрдүү аракеттерди болтурбоо жана алдын алуу, ирригациялык, чарбалык жана күндөлүк жашоодо болуп жаткан маселелер туурасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Тараптар чагымчылдык аракеттердин алдын алуу үчүн чараларды көрүү боюнча макулдашышты.

Учурда Баткен районунун чек ара аймагында коомдук саясий абал тынч. Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаевдин көзөмөлүндө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11444