Бишкекте Түштүк магистралды бойлой үйүр жылкыны айдап өтүштү. Видео
RU

Бишкекте Түштүк магистралды бойлой үйүр жылкыны айдап өтүштү. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Токомбаев көчөсүндө үйүр жылкыны айдап бара жаткан видеону Kaktus.media сайтына окурмандар жөнөтүштү.

Алар жиберген видеодон аттарды чыгыш тарапка айдап бара жатканын көрүүгө болот. Ошол эле учурда кээ бир жаныбарлар унаалардын жүрүшүнө тоскоол болгон.

Мыйзамга ылайык, унаа көп жүргөн трассада аттарды айдап жүрүүгө тыюу салынбайт. Бирок бул жол кыймылынын эрежелери менен жөнгө салынат: мисалы, жаныбар үчүн бардык жоопкерчилик малды айдап бара жаткан адамга жүктөлөт. Ошол эле учурда малды жолдун оң четине (жолдун жээгине) жакыныраак кармап, бардык тилкелерди ээлебеши керек.

Ал эми окурмандар жиберген видеодо жылкылар жолдун сол тарабында болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11459