Сузактын тургундары эшек уурдады деген жаранды кармап алышты. Бирөө качып кеткен
RU

Сузактын тургундары эшек уурдады деген жаранды кармап алышты. Бирөө качып кеткен

Все самое интересное в Telegram

Интернетке эшек урдоого шектелген жаранды жергиликтүү тургундар кармап, унаага байлап койгон видео тарады. Окуя Сузак районунда болгонун Kaktus.kg сайтына Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Белгил болгондой, РИИБге 40 жаштагы жарандан билдирүү түшкөн. Анда 6-апрелде саат 23:30 чамасында Кыз-Көл айыл аймагында Hyundai Porter унаасына белгисиз жарандар эшектерди жүктөп бара жатканы айтылган.

Жерине барган ыкчам топ 2 эшекти унаага салып бараткан жеринен Кара-Алма айыл аймагынын 1993-жылы туулган эки тургуну жергиликтүү тургундар тарабынан кармалып, бирөө качып кеткендигин тактаган.

Бул окуя боюнча жергиликтүү тургундар арыз менен кайрылып, 205-берене (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

7-апрелде Кара-Алма айыл аймагынын тургуну 1993-жылы туулган Т.И. шектүү катары Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Шектүүнүн баш коргоо чарасы Сузак райондук сотунда каралып, үй камагына чыгарылган. Ал эми анын шериги З.Р`нын жүргөн жерин тактоо, издөө иштери жүрүп жатат дешет милициядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11488