Бишкекте көп кабаттуу үйдүн курулушуна уруксат кагазын мыйзамсыз бергендер аныкталды
RU

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн курулушуна уруксат кагазын мыйзамсыз бергендер аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушуна тийиштүү уруксат документтерди мыйзамсыз даярдап берген кызмат адамдарына иш козголду. Бул туурасында Башкы прокуратурадан маалымдашты.

Белгилүү болгондой, "Бишкек башкы архитектура", "Кадастрдын" Бишкек филиалынын жана Мамлекеттик экспертиза департаментинин жооптуу кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган.

"Алардын шаар куруу жана жер тилкеге болгон укук күбөлөндүрүүчү документтерге атайылап жалган маалыматтарды жана кадастрдык пландарына мыйзамсыз өзгөртүүлөрдү киргизишкендиги аныкталган. Алар "А.С" курулуш компаниясынын кызыкчыгын көздөп, Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушуна тийиштүү уруксат документтерди даярдап беришкен", - деп айтылат маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен шаардык прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен иш козгоп, тергөө иштери башталды.

Башкы сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11491