Өлкө боюнча 227 аял мурдагы күйөөсүнө балдары үчүн алимент төлөйт
RU

Өлкө боюнча 227 аял мурдагы күйөөсүнө балдары үчүн алимент төлөйт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда 2022-жылдын жыйынтыгына ылайык, 227 аял мурдагы күйөөсүнө балдары үчүн алимент төлөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 10-апрелдеги эл аралык комитетинин жыйынында Сот департаментинин директорунун орун басары маалымдады.

Ал Үй-бүлөлүк кодекске ылайык, карыган ата-энелер таштап кеткен балдарынан дагы алимент алууга укуктуу экенин айтты.

"Мыйзамда балдар ата-энесин багууга милдеттүү экендиги айтылган. Бирок бизде балдарынан, туугандарынан алимент талап кылып, кайрылган учур болгон эмес", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11503