Прокуратурадан тергөө укугу алынышы мүмкүн
RU

Прокуратурадан тергөө укугу алынышы мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Прокуратурадан кылмыш ишин тергөө укугун кайра алып, ал укук УКМК менен ИИМде эле калышы мүмкүн.

Жогорку Кеңештин 11-апрелиндеги жыйынында эл өкүлү Жанар Акаев бул маселе боюнча башкы прокурор Курманкул Зулушевдин пикирин сурады.

Ал прокуратурадан тергөөнү алып эки органга эле берүү же өзүнчө Тергөө департаментин түзүү боюнча сунуштар, иштер жүрүп жатканын айтты.

"Биз реформага муктажбыз, ошол боюнча оюбузду айтып, анан аракеттенсек болот. Азыр иш-аракеттер, эч нерсе ачык жарыяланбаганы үчүн мен сизге так маалымат бере албайм", - деди Зулушев.

Эске салсак, Башкы прокуратура кылмыш ишин тергөө укугуна 2021-жылы ээ болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11524