Быйылкы ажылык сапардын баасы бекитилди
RU

Быйылкы ажылык сапардын баасы бекитилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2023-жылдагы ажылык сапардын баасы бекитилди. Муфтияттан кабарлашкандай, ар бир адамга түзүлгөн калькуляция 3900 долларды түздү.

Төлөмдөр 12-апрелден башталат

Ажыга барууга 1000 долларды алдын ала төлөп мүмкүнчүлүк алган ар бир талапкер 12-апрелден 17-апрелге чейин (17-апрелди кошо эсептегенде) РСК Банктын иштөө убактысы бүткөнгө чейин калган сумманы төлөөсү зарыл.

Жогорудагы суммага:

  • Барып, келүү авиабилетинин наркы (ар бир ажыга баруучуга) - 1360 доллар;
  • Сауд Араб Падышалыгынын талабына (банк кепилдиги, ыйык өрөөндөгү кызматтардын чыгымдары, 3 күндүк Медина шаарындагы мейманкананын наркы, Мекке жана Мадина шаарындагы тамак-аш, зыяратчыларды тейлөөчү транспорт 15 пайызы менен, зам-зам суу жана аны Меккеден Мадинага, Жиддага жеткирүү наркы, Мекке жатаканасынан ыйык Харам мечитине ажыларды ташуучу боюнча автобустар, вакф Мекке жатаканаларын камсыздандыруу 15 пайыз наркы менен жана кошумча автобус, коронавирустан жана коопсуздукту камсыздандыруунун наркы - 2080,19 доллар;
  • Ажылык үчүн атайын тигилген кийимдин наркы, ажыга баруучуларды эмдөөдөн өткөрүү үчүн вакцинаны Кыргызстанга алып келүү, ар бир ажы башчынын, коштоп баруучу дарыгерлердин жана штаб мүчөлөрүнүн чыгымдары жана ажы башчынын командировкасы, виза, коопсуздук, билерик, бейджик жана башка чыгымдары - 459,81 доллар.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11540