УКМК Баткендеги бала бакчанын жетекчисине иш козгоду
RU

УКМК Баткендеги бала бакчанын жетекчисине иш козгоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде бала бакчада иштебеген адамдардын атына айлык акы чегерилип келген. Бул фактыны УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иштердин жүрүшүндө аныктаган.

Такталгандай, Баткен районунун Кара-Бак айылындагы "Кулунчак" мектепке чейинки балдар мекемесинде бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу факты аныкталды. Аталган мекемеде иш жүзүндө иштебеген адамдарга эмгек акы чегерилип келген. Мыйзамсыз топтолгон каражаттар мекеменин жетекчилиги тарабынан өздөштүрүлгөн.

Жогорудагы факты боюнча 210-берене (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иш-чаралары уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11565