4 жашар кыз жардам сураган. Бишкекте батирде калган 3 бала куткарылды
RU

4 жашар кыз жардам сураган. Бишкекте батирде калган 3 бала куткарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 4 жашар кыз балконго чыгып, жардам сураган. Жерине куткаруучулар барып, жардам көрсөтүштү.

ӨКМдан билдиришкендей, куткаруучулар батирдин бекилген эшигин ачышкан. Үйдө 3-4-5 жаштагы балдар бар экени такталган. Ата-энеси жумушка кетип, балдарды жалгыз калтырып кетишкен.

Куткаруучулар балдардын абалы жакшы экендигине көз салган соң, апасын чакырып өткөрүп беришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11584