Ош облусунда милдеттерин аткарбаган бир катар жетекчилер кызматынан бошотулду
RU

Ош облусунда милдеттерин аткарбаган бир катар жетекчилер кызматынан бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунда бир катар жетекчилер функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул туурасында бүгүн, 14-апрелде президенттин администрациясынан кабарлашты.

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош облусунун жетекчилигинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча тиешелүү комиссия түзүлүп, анын жыйынтыгында алардын ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуу фактылары аныкталган.

Буга байланыштуу бир катар жетекчилерди ээлеген кызматынан бошотуу сунушу киргизилип, мамлекет башчысынын чечими менен:

  • Жамалдинов Зиядин Исламович - президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду;
  • Жаныкулов Данияр Төрөгазиевич - президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары кызматынан бошотулду;
  • Ногоев Турусбек Молдобекович - Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими кызматынан бошотулду.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11587