Нуржигит Кадырбеков: Бийликти мыйзамсыз басып алуу болуп келген, боло берет
RU

Нуржигит Кадырбеков: Бийликти мыйзамсыз басып алуу болуп келген, боло берет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Нуржигит Кадырбеков Кыргызстанда ар бир адам пикирин, оюн жана көз карашын айта алат деп билдирди. Ал Kaktus.kgге берген маегинде парламенттин орду тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, парламент өзүнүн милдетин аткарууга болгон аракетин жумшап жатат.

Бийликти узурпациялоо аракети болуп келген, боло берет.

Эл өкүлү Кыргызстанда бийликти басып алуу болуп келгенин жана боло берерин билдирди. Ал өкмөт депутаттарга үстөмдүк кылгысы келгендигин айтты.

"Өкмөт бизге үстөмдүк кылгысы келет. А биздин өзүбүздүн талаптар, өзүбүздүн шарт, өз көз карашыбыз жана позициябыз бар. Байкап жатсаңыз керек: "Кылыбыз кыйшайбайт" деген поизиция бар, "ага жол бербейбиз" деген позиция бизде дагы бар. Бул тирешүү, бул позицияларды тактоо процесси боло бере турган нерсе", - деди депутат.

Депутаттардын көзөмөлдөөчү укугун эч ким алган эмес

"Парламент өзүнүн милдетин колунан келишинче аткарып жатат. Эми 90 депутат. 90 депутатта 90 башка ой-пикир, көз караш, позиция, баалулук дегендей. Ошол үчүн айрымдарынын чечимдерин, жүрүм-турумун, пикирлерин эске алып эле парламент өзүнүн милдетин толук аткара албай жатат деген пикир жаралууда. Негизи жалпылаштырып тыянак кылган туура эмес. Ишенип коюңуз, биз өзүбүздүн укугубузду билебиз, дагы да үйрөнөбүз. Депутаттардын контролдоочу укукту эч ким алган эмес", - деди Кадырбеков.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11654