Санитардык-эпидемиологиялык экспертиза бөлүмүнүн 4 адисине иш козголду
RU

Санитардык-эпидемиологиялык экспертиза бөлүмүнүн 4 адисине иш козголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин санитардык-эпидемиологиялык экспертиза бөлүмүнүн башчысына кылмыш иши козголду. УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, адис туруктуу коррупциялык схеман уюштурганга айыпталууда.

Санитардык-эпидемиологиялык экспертиза бөлүмүнүн башчысы А.Л.О. бөлүмдүн жооптуу кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, зарыл жол-жоболорду сактабастан, тиешелүү экспертизаларды жүргүзбөстөн кыска мөөнөттө бажы брокерлерине санитардык-эпидемиологиялык корутундуларды берүү боюнча коррупциялык схеманы түзгөндүгү аныкталды.

Санитардык-эпидемиологиялык корутунду - бул колдонуудагы санитардык ченемдерге ылайык, продукциянын коопсуздугун тастыктаган эксперттик баалоо жүргүзүлгөн, тиешелүү товарларды ташып келүүгө жана сатууга уруксат берген документ.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-чаралардын натыйжасында, сертификацияланууга тийиш болгон жүздөгөн ар кандай товарларга, продукцияларга корутунду берүү үчүн пара алган ондогон фактылар катталды.

Аталган департаменттин жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилиги тарабынан санитардык-эпидемиологиялык экспертиза бөлүмүнүн жана анын жооптуу кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө начар экенин, А.Л.О. иш жүзүндө жумуш ордуна аптасына бир жолу - чогултулган акчадан өз үлүшүн алып кетүү үчүн гана барып турганын белгилей кетүү керек.

Бул кылмыш иши боюнча Санитардык-эпидемиологиялык экспертиза департаментинин 4 кызматкери кармалып Бишкек шаардык 1-тергөө камак жайына киргизилди. Азыркы учура коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды, анын ичинде Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилигин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11657