Жалал-Абадда үйүнө медресе ачып алган аялга айып пул салынды
RU

Жалал-Абадда үйүнө медресе ачып алган аялга айып пул салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда уруксат кагаздары жок иштеп жаткан медресе аныкталып, ээси айыпка жыгылды. Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, медресе жабылды.

Белгиленгендей, Жалал-Абад шаарынын аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан медресе боюнча ыкчам маалыматтар алынып, териштирүү иштери башталган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында Н.С. аттуу аял үйүндө эч кандай окутууга уруксат кагаздары жок "Илим-Хумар" аталышындагы окуу борборун иштетип жаткандыгы аныкталган.

Ага карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 142-беренесинин (Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарды бузуу) негизинде протокол толтурулуп, 5500 сом айып пул салынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11677