УКМК: Таласта чиновниктер парк курабыз деп 2 млн сомдон ашык зыян келтирген
RU

УКМК: Таласта чиновниктер парк курабыз деп 2 млн сомдон ашык зыян келтирген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таласта сейил бак курууда иштер ашыкча бааланып, мамлекетке 2 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды. Маалыматты УКМКдан кабарлашат.

УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан 337-берененин 2-бөлүгүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштын негизинде, Талас шаарынын мэриясынын айрым кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Анын алкагында мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгында коррупциялык механизмдер аныкталган.

2022-жылы Муниципалдык менчик башкармалыгы "Байбарс-Курулуш" ЖЧКсы менен шаардык сейил бак куруу боюнча жалпы суммасы 4 млн 880 миң сомго келишим түзгөн. Ошол эле учурда атайын адистерди тартуу менен текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш иштеринин наркын ашыкча баалоо фактылары аныкталып, мамлекетке 2 миллион 100 миң сомдон ашык зыян келтирилген.

Курулуш экспертизасынын корутундусуна ылайык, шаардык сейил бакты курууга долбоордук-сметалык документтер такыр иштелип чыкпаганы, бул мыйзамсыз курулуштарды жана бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланууну көрсөттү.

Учурда иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11678