Депутаттар латын арибине өтүүнү сунушташты
RU

Депутаттар латын арибине өтүүнү сунушташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында депутаты Эмил Токтошев латын арибине өтүүнү сунуштады. Ал кыргыз тилин сактап калуу жана чыныгы реформа үчүн латын алфавитине өтүшү керек деген пикирин айтты.

"Биздин нукура сөздөрүбүз кириллицада туура эмес жазылат. Анан кантип жаштарды тарбиялайбыз? Биздин негизги максат - улуттун тилин сактап калуу. Латын алфавитине өткөндө гана максатыбызга жетебиз", - деди Токтошев.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев латын арибине өтүү боюнча саясий чечим жок, эгер кабыл алынса латын арибине өтүүгө болорун ырастады.

"Тилекке каршы, андан бери саясий чечим кабыл алынган жок. Бүгүнкү күндө түрк тилдүү алты мамлекеттин ичинен биз гана кириллицада отурабыз. Эгер Жогорку Кеңеш, президентибиз баш болуп саясий чечим кабыл алса, биздин окумуштуулар латын тамгасына өткөнгө даяр. Бир нече варианттар жасалып жатат", - деди ал.

Эл өкүлү Камила Талиева да чечкиндүү реформа жасоо үчүн латын арибине өтүү зарылчылыгын кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11707